Өлкө башчы майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Өлкө башчы майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мамлекет башчы бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнү белгиленип жатканын айтты.

«Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда», — деди кайрылуусунда өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.

«Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>