Өлкө башчы ММК жетекчилери менен жолугушууда — фото

Өлкө башчы ММК жетекчилери менен жолугушууда — фото

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков жолугушуу башталышында ММК жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өтүүдө. Анда Коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышуу болуп жатат.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун ММК жетекчилери менен ушундай форматтагы жолугушуусу 2018-жылдын март айында 40 журналисттин катышуусунда өткөн. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген маалымат жыйыны ошол эле жылы декабрда өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>