Өлкөгө 36 тонна күйүүчү май ташып келген унаа аныкталды

Өлкөгө 36 тонна күйүүчү май ташып келген унаа аныкталды

Өлкө аймагына мыйзамсыз күйүүчү май ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты билдирди.

Маалым болгондой, 2-январда “Вольво” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда эч кандай тиешелүү документтери жок 36 тоннага жакын бензин жыттанган суюуктук аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасын тактоо жана тиешелүү жагдайларды аныктоо башталган. Ал эми унаа айып короого киргизилген.

Өткөн жылдын октябрь айында өкмөт башчынын буйругу менен Кыргызстанга күйүүчү майлардын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>