Өлкөнүн энергетикалык тармагынын абалы боюнча депуттатык комиссия түзүлдү — тизме

Өлкөнүн энергетикалык тармагынын абалы боюнча  депуттатык комиссия түзүлдү — тизме

Жогорку Кеӊеште өлкөнүн энергетикалык секторунун абалы боюнча убактылуу комиссия түзүлдү. Бул парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Депутаттык комиссия түзүү демилгечиси Өмрбек Бакиров.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсы тарабынан берилген маалыматтар боюнча, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк деӊгээлиндеги электр энергиянын жоготуулардын көлөмүн, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемалардын таасирлерин изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык сектордун абалын жана келечектеги өнүгүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү эл өкүлдөрү кирди:

КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;

“Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;

“Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;

“Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;

“Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>