Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтотту

Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын каржылоону токтоткон. Мындай пикирди «Республика — Ата Жур»  фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев  “Азаттыктын” 2Х1 берүүсүндөгү маегинде билдирди.

“Бабановду жакындан тааныгандар билет, ал саясатка катышпай, «Республика» партиясынын лидери болбой,  тизмеге кирбегенден кийин ал каржылоого катышпайт.  Кетип калгандан кийин суранып да көрдүк, бирок ал ири ишкер, ишкерлер ар бир кадамын тактайт. Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — деген ал.

Кенжебек Бокоев кошумчалагандай, «Республика» башка партиялар менен биригип, шайлоого баруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзө элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>