Өткөн жылы өлкөгө 28 миңден ашык автоунаа ташылып келинди

Өткөн жылы өлкөгө 28 миңден ашык автоунаа ташылып келинди

2019-жылы Кыргызстанга 28 326 автоунаа  ташылып келинген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын октябрь, ноябрь жана декабрь айларында өлкө аймагына унаалар эң көп ташылып келинген.

Военно-Антоновка айылында жана Аламедин станциясындагы автотранспорттук каражаттарды бажылык тариздөө жайлары 24 сааттык иштөө режимине өткөрүлдү, банкттар бажы төлөмдөрүн алууну саат 21.00гө чейин ишке ашырып жатышты.

2019-жылдын 31-декабрына чейин автотранспорттук каражаттарды киргизе албаган жактар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 114-беренесине ылайык автотранспорттук каражаттардын алдын ала декларациясын ишке ашырышкан.

Бардыгы декабрдын акыркы күндөрүндө жеке жактар тарабынан  автотранспорттук каражатка карата 123 бажы декларациясы берилген. Алдын ала декларациялар берилген автотранспорттук каражаттарды ташып кирүү алдын ала декларация берилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылууга тийиш.

Белгилей кетсек 2020-жылдын 1-январынан тартып Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйдү.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1- январынан тарта 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.

Мурда бул унаалардын бажы төлөмү 1250 доллар болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>