Өткөн жылы 103,9 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлдү

Өткөн жылы 103,9 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлдү

2019-жылдын январь-декабрь айларында 103,9 млрд сом суммасына мал чарба продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 102,5% түзгөн. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

2019-жылдын отчеттук мезгилинде бардык категориядагы чарбалык субъекттер 413,5 миң тонна эт өндүргөн, бул өткөн жылга караганда 2,5% көп (2018-жылы – 2,1%).

Республикада эт өндүрүүнүн көбөйүүсү мал башынын жана үй канаттууларынын санынын өсүшүнүн эсебинен жүрүүдө. Ири мүйүздүү малдын башы өткөн жылга караганда 51 862 башка көбөйүп, кой-эчки — 90 174 баш, жылкы — 17 355 жана үй канаттуулары 99 279 башка жеткен.

2019-жылдын январь-декабрында республикада 1 627,8 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул өткөн жылга караганда 2,4% көп. Сүт өндүрүүнүн өсүшү өткөн жылга караганда уйдун башы 22 800 башка көбөйгөнүнө байланыштуу.

Республикада отчеттук мезгилде 561 288 миң даана жумуртка өндүрүлгөн, бул 2018-жылга караганда (өткөн жылдын деңгээлине карата 105,3%) 28 046 миң даанага көп. Мындан тышкары 12 943,3 тонна жүн өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 101,1% түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>