Өткөн жылы Ала-Букадан Бельгияга 12 тонна кургатылган кара өрүк экспорттолду

Өткөн жылы Ала-Букадан Бельгияга 12 тонна кургатылган кара өрүк экспорттолду

Өткөн жылы Ала-Букадан Бельгияга 12 тонна кургатылган кара өрүк экспорттолгон. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чарбаларды ирилештирүү боюнча район аймагында катталган кооперативдердин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 14 айыл чарба кооперативдери катышты.

Натыйжада жыйынга катышкан 10 кооператив алдыда түзүлүүчү регионалдык кооперативдин түзүүчүсү катары, ал эми калгандары мүчө болуу чечимин кабыл алышты. Регионалдык кооперативдин уюштуруучулары жалпы жыйындан пайдаланып, 2020-жылга карата иш пландары, аткарылуучу иш-аракеттерди колго салуу жолу менен бекитип беришти.

2019-жылы Ала-Букада өндүрүлгөн кургатылган кара өрүк Бельгияга 12 тонна, Монголияга 7 тонна өлчөмүндө экспорттолгон.

Өткөн жылдар ичинде бул кооперативдер Бишкек жана Ош шаарларындагы соода түйүндөрүнө кургатылган кара өрүктү жеткирип берүү, ири кен казган компанияларга атайын кийимдерди тигүү жана мөмө-жемиш ширелери менен камсыздоо иштерин аткарышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>