Өткөн жылы камсыздандыруу ишканалары жарандарга 2.5 млн доллар төлөгөн

Өткөн жылы камсыздандыруу ишканалары жарандарга 2.5 млн доллар төлөгөн

2019-жылы республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча төлөнгөн каражаттардын көлөмү 180,6 млн сомду же 2,5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев билдирди.

Аталган каражаттар төмөнкү багыттар боюнча төлөнгөн:

жеке камсыздандыруу боюнча – 68,4 млн сом;

мүлктү камсыздандыруу боюнча – 89,9 млн сом;

жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча – 11,9 млн сом;

милдеттүү камсыздандыруу боюнча – 10,2 млн сом.

2019-жылы жашоону камсыздандыруу боюнча каражаттар төлөнгөн эмес.

Белгилей кетсек, пайыздык салыштырууда төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгүн мүлктү камсыздандыруу ээлеп, ал 50 пайызды түзгөн. Жеке камсыздандыруу 38, жоопкерчиликти камсыздандыруу жана милдеттүү камсыздандыруу 6 пайызды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>