Өткөн жылы Кыргызстанда кыздарга караганда эркек балдар көп төрөлгөн

Өткөн жылы Кыргызстанда кыздарга караганда эркек балдар көп төрөлгөн

Өткөн жылы Кыргызстанда кыздарга караганда эркек балдар көп төрөлгөн. Бул тууралу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 2019-жылы ЖААК органдары тарабынан 173,5 миң ымыркайлардын төрөлүшү катталса, алардын 48,8% кыздар, 51,2% эркек балдар. 2018-жылга (171149)  салыштырмалуу бул көрсөткүч 2 миң 351ге көп.

Төрөлүүнү каттоо көп болгон аймактар: Ош облусунда 48 миң 952, Жалал-Абад облусунда 32 миң 272, Бишкекте 29 миң 630.

Төрөлгөндөрдн санын каттоо аз болгон аймактар: Талас облусунда 6 миң 9 болсо, Нарын облустунда  6 миң 39.

Алыскы чет өлкөлөрдө төрөлгөн кыргызстандыктарды каттоодогу көрсөткүчтөрдү алып карасак, Түркия-54, Түштүк Корея-52. АКШ, Канада, Швейцарияда жана Сауд Арабиясында төрөлгөндөрдү каттоолор 30дан ашык.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>