Өзбекстанда үч бир тууган газга ууланып каза болду

Өзбекстанда үч бир тууган газга ууланып каза болду

Өзбекстандын Жизак облусунда бир үйдөн 8, 12 жана 14 жаштагы үч бир тууган газга ууланып кайтыш болду. Алардын апасы жандандыруу бөлүмүндө.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 25-январь күнү эртең менен балдардын сөөгүн жумуштан келген атасы тапкан. Алдын ала маалыматтар боюнча балдар уктап жатып, жертөлөдөгү мештен чыккан иске ууланып калышкан.

Өзбекстанда кыш мезгилинде газга уулангандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Буга мештин туура эмес колдонулушу, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>