Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 8 адамга жетти

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 8 адамга жетти

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министри Алишер Шодмонов 16-мартта дагы эки адамдан коронавирус табылганын билдирди.

Анын айтымында коңшу өлкөдө өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктургандардын саны 8 адамга жеткен.

“Илдетти жуктуруп алганы аныкталган эки адамдын бирөө Франциядан кайткан аялдын тууганы, экинчиси 14-мартта Лондондон Ташкен шаарына келген”, — деген министр.

Буга чейин Өзбекстанда 6 адамдан коронавирус табылган. Алардын бешөө Франсиядан Ташкентке келген аял жана анын туугандары болсо, бир адам Стамбул шаарынан учуп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>