Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6 кишиге жетти

Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 6 кишиге жетти

Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

“Бүгүн эле 4 адамдан вирус табылып, ооруну жуктургандардын саны 6 адамга жетти. Франциядан кайткан аялдын күйөөсү жана анын небереси дагы ооруну жуктуруп алган”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Өзбекстанда коронавирустун биринчи учуру 15-мартта катталган. Франциядан кайткан аялдан вирустун белгилери аныкталып, ал уулу менен кызына дагы ооруну жуктуруп алган. Мындан башка Стамбулдан Ташкентке учуп келген дагы бир адамдан коронавирус табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>