Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди — сүрөттөр

Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди — сүрөттөр

Өзбекстан коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберди.

Коңшу өлкөдөн келген жүктү Андижан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген.  Аны Ош шаарынан Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев тосуп алган.

Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Кыргыз тарап Өзбекстандын өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоону жогору бааларын жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.[su_image_carousel source=»media: 25230,25226,25224,25223,25222,25229,25228,25227,25225″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, Өзбекстандан келген бул гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлөт жана тармактык мамлекеттик органдардын макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>