Өзгөндө 71 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Өзгөндө 71 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында кылмышкерлер 71 жаштагы кемпирди мыкаачылык менен  өлтүрүп, үйүн өрттөп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

“7-сентябрь күнү таңкы саат бештер чамасында милицияга үйдүн өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам топ окуя болгон жерге келип, үйдүн короосунан 71 жаштагы кемпирдин сөөгүн табышкан. Анын денесине кароо жүргүзгөңдө 9 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Үйдүн 30 пайызы ал эми кемпирдин буттары жана чачы күйүп кеткен”, — деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштер менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып,  шектүүлөр изделүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>