Өзгөндө баласын 5 миң долларга сатууга аракет кылган келин кармалды

Өзгөндө баласын 5 миң долларга сатууга аракет кылган келин кармалды

Өзгөндө 23 жаштагы аял жаңы төрөлгөн ымыркай баласын беш миң долларга сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Малыматка ылайык, милицияга 20-январь күнү Өзгөн районундагы төрөт үйүндө аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш чарасынын натыйжасында 21-январь күнү баланын энеси жана бала сатууга көмөктөшкөн, мурда сот жообуна тартылган Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну ымыркайды 5000 долларга баалап, соодалашып жаткан учурда кармалган.

Бул факты Жазык кодексинин 171-беренеси («Кишилерди соода кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү ресстрине катталып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сот шектүүлөрдүн бөгөт  чарасын карап, ымыркайдын энеси ден соолугуна байланыштуу үй камагына, ал эми ортомчу болгон аялды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>