Өзгөндө бир жаран коронавирус жуктуруп алды деген маалымат боюнча министрлик жооп берди

Өзгөндө бир жаран коронавирус жуктуруп алды деген маалымат боюнча министрлик жооп берди

Учурда социалдык тармактар, WhatsApp мессенджери аркылуу  Ош облусунун Өзгөн районунда бир жаран коронавирус жуктуруп алды деген маалымат тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 28-февралда Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир, Орусиянын эки жараны өткөнү кабарланды. Алар тиешелүү медициналык кароодон өтүп, кандайдыр бир оорунун жана коронавирустун белгилери аныкталган эмес.

Кыргызстан Кытай, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 2020-жылдын 1-мартынан тартып чектөө киргизет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>