1-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

1-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 1-октябрда  өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Бишкекте эртең күндүз жаан чачын болбойт, түнкүсүн  жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 16…18° градус жылуу болот.. Секундасына 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>