10-апрель: Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 18 жаңы учур катталды

10-апрель: Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 18 жаңы учур катталды

Бүгүн, 10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын ичинен:
Бишкек шаары – 6, Чүй облусунда (Кемин району – 6, Токмок шаары – 1, Аламүдүн району – 1) – 8, Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 2, Жалал-Абад ш. – 1) – 3,
Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу району) – 1.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 298 адамга жукту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>