100 кыргызстандык түрк ооруканаларында акысыз дарыланат

100 кыргызстандык түрк ооруканаларында акысыз дарыланат

2018-жылы Түркиянын дин иштери боюнча 8 жараны, агартуу боюнча 57 окутуучу, 4 үй бүлө мүчөсү виза алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Жыйында Кыргызстандын Өкмөтү менен Түркия Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга кошумча протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тышкы иштер министринин өкүлүнүн айтымында, келишимдин кошумча протоколунда Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында жүрүүсүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү жол-жоболору каралган.

“Эгер Түркиянын ыйгарым укуктуу медициналык мекеме дарылоо 90 күндөн узак болушу мүмкүн экендиги жөнүндө ырастоо берсе, медициналык кызматтарды алуу үчүн келген кыргыз жарандары менен аларды коштогондор адамдар убактылуу жашап туруу уруксатына акы төлөөдөн бошотулушат”, — деди ал.

2014-жылдагы Саламаттык сактоо жана медициналык кызматтар жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында, жыл сайын 100 кыргыз жаранына түрк ооруканаларында акысыз дарылануу каралган. Ошого байланыштуу убактылуу жашап туруу укугун жол-жоболоштуруу зарыл. Мисалы, 6 айга жашап туруу укугун жол-жоболоштуруунун акысы орто эсеп менен 750 лира же 130 долларды түзөт, ошондой эле камсыздандыруу 150 лира + мамлекеттик алым 600 лира. 

Белгилей кетсек, 2018-жылы Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы тарабынан 8 түрк жараны, Түркиянын Агартуу министрлиги тарабынан 57 түрк окутуучу жана алардын 4 үй бүлө мүчөсү виза алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>