12.5 жылга эркинен ажыратылган Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды

12.5 жылга эркинен ажыратылган Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды

Милиция коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып,  12,5 жылга эркинен ажыратылган Насирбек Алмаматовду кайдан издерин билбей, таппай жатат.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду Жогорку сот ушул жылдын 30-октябрында биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган эле. Мындай чечимден кийин Алмаматов камакка алынышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Чечимге ылайык, Жогорку сот экинчи инстанция — Бишкек шаардык сотунун Алмаматовду эркиндикке кое берип, 3,3 млн сом айыпка жыгуу боюнча өкүмүн жокко чыгарган. Биринчи инстанция — Бишкектин Октябрь райондук сотунун 25-марттагы айыпталуучуну 12,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

Бишкек шаардык соту Насирбек Алмаматовду айып пул төлөтүп, эркиндикке чыгаруу чечимин коомчулук каттуу сынга алгандан кийин Жогорку сот бул ишти кайра караган.

Насирбек Алмаматовду УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылы 2-ноябрында кармаган. Ага карата автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда акча алуу үчүн коррупциялык схема түзүп алган деген айып коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>