12-февралда Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңүүчүлөргө тапшыруу аземи өтөт

12-февралда Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңүүчүлөргө тапшыруу аземи өтөт

12-февралда Журналисттик иликтөөлөр фонду тарабынан жыл сайын уюштурулган Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты жеңүүчүлөргө тапшыруу аземи өтөт.  Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактын женүүчүлөрүнө сыйлык Улан Эгизбаевдин туулган күнү 12-февралда тапшырылат.

Иш-чарада Улан Эгизбаевдин элесине арналган “Улан уланат” атту тасма көрсөтүлүп, чет өлкөдөн келген адистер өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Былтыр Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкты “Бандиттер байырлаган Ош” аттуу иликтөөнүн автору, “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаков жеңип алган.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун негизги максаты – коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү токтотууга багытталган журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүү болуп саналат.

Эскерте кетсек, “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы  22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>