Ташкентте ШКУ жыйынында өкмөт башчылар бир катар документтерге кол коюшту — тизме

Ташкентте ШКУ жыйынында өкмөт башчылар бир катар документтерге кол коюшту — тизме

Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылар кол койгон документтер:

ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин чечими:
1.1. ШКУга мүчө мамлекеттердин Көп жактуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ШКУ Катчылыгынын Отчету жөнүндө

1.2. Уюмдун 2018-жылга карата бюджетин аткаруу боюнча ШКУ Финансы отчету жөнүндө

1.3. Шанхай кызматташтык уюмунун 2020-жылга карата бюджети жөнүндө

1.4. ШКУнун туруктуу иштөөчү органдарынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө тышкы аудит жүргүзүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын баяндамасы жөнүндө

1.5. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштөөчү органдарынын ишмердүүлүгүн котормочулук камсыз кылуу жөнүндө

1.7. ШКУга мүчө мамлекеттердин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу программасын Ишке ашыруу планын бекитүү жөнүндө

1.8. ШКУга мүчө мамлекеттердин Темир жол администрацияларынын темир жол транспорту тармагында өз ара аракеттенүү концепциясын бекитүү жөнүндө

1.9. ШКУга мүчө мамлекеттердин Санариптик доордо алыскы жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу концепциясын жана аны Ишке ашыруу планын даярдоо жөнүндө

1.10. ШКУ экономикалык аналитикалык борборлорунун Консорциумунун Регламентин бекитүү жөнүндө

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 18-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкенкоммюнике.

Жыйындын алкагында кол коюлган документтер:

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы транспорттук ташууларды интеграциялык башкаруу тутумун түзүү жөнүндө алкактык келишим;

ШКУга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы улуттук транзиттик тутумду өз ара интеграциялоо жөнүндө Меморандум;

ШКУ жана БУУ Азык-түлүк жана айыл чарба коопсуздугу уюмунун (ФАО) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

ШКУ Катчылыгынын жана БУУ Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Белгилей кетсек, учурда 8 өлкө ШКУга мүчө мамлекеттер болуп саналышат, алар – Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан Ислам Республикасы, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>