14-февралда өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөт? Кыргызгидромет жооп берет

14-февралда өлкө аймагында кандай аба ырайы күтүлөт? Кыргызгидромет жооп берет

Эртең, 14-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,

14-февралда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…….-5°C, күндүзү 4………6°C.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>