15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет ишканасы 15-ноябрда өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экенин билдирет. Ашууларда жолдор тайгак болуп, батыштан  ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жеткен шамал жүрүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында 15-ноябрында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон 4-9 метрге жеткен шамал жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 7…9° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>