16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Кыргызгидромет берген маалымат боюнча эртең, 16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

16-августта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>