2019-жылдын жарым жылдыгында төрөлүү көрсөткүчү өстү

2019-жылдын жарым жылдыгында төрөлүү көрсөткүчү өстү

Кыргызстанда акыркы 10 жылда калктын орточо өмүр сүрүү курагы узарган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргенин «Кабар» жазып чыкты.

Чолпонбаевдин маалыматына ылайык, 2019-жылдын жарым жылдыгында төрөлүү көрсөткүчү өскөн.

«Бул абдан жакшы жетишкендик. Демек, бул калктын жашоо шарты, сапаты жакшыргандыгын көрсөтөт. Акыркы жылдары жана 2019-жылдын жарым жылдыгы боюнча төрөлүү көрсөткүчүнүн өскөндүгү белгиленет. Ал калктын 1000не 26,4тү түзгөн. Калктын жалпы өлүү көрсөткүчүнүн шарттуу түрдө төмөндөөсү көрсөтүлүүдө. 2019-жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 1000ге 5,2ни түзгөн (2018-жылдын 5 айында — 5,4%)”, — деп маалымдады министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>