24-28-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24-28-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

24-26-декабрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

24-декабрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, облустарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-27-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>