Блогерлер «коронавирус жуктуруу» челлендж баштап, коомдук даараткананын отургучун тили менен сүртүшүүдө

Блогерлер «коронавирус жуктуруу» челлендж баштап, коомдук даараткананын отургучун тили менен сүртүшүүдө

TikTok блогерлери социалдык тармактарда «коронавирус челлендж» деген аталышта видео тартып, таратышууда. Анда жаш жигит дааратканын отургучун тили менен сүртүп жатканын көрүүгө болот. Алар мындай кадамга элге таанылуу максатында барышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган челленджди биринчилерден болуп Avalouiise аттуу колдонуучу интернетке жайгаштырган. Ал видеосун бир аз убакыттан кийин гана алып салган.
Twitter колдонуучулардын бири блогер жүктөгөн видеону көчүрүп калууга жетишип, ал тасма учурда 17 миллион көрүү топтогон.

Мындай челленджди улай кээ бир блогерлер дагы ага окшош видеолорду тартышкан. Алардын бири калифорниялык 21 жаштагы Ларс аттуу TikTok-блогери.

Анын айтымында, мындай роликти тартуу өзүнүн популярдуулугун көтөрүү болгон. Ларс бир нече күндөн кийин өзүнүн Twitter-аккаунтуна коронавирус жуктуруп, ооруканада жаткан сүрөтүн жайгаштырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>