7-апрель: Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус аныкталды

7-апрель: Кыргызстанда дагы 12 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстандын аймагында 7-апрель саат 09:00гө карата дагы 12 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов онлайн-брифингде билдирди.

Министрдин айтымында, жаңы катталгандын ичинен 3 эркек жана 9 аял.  Алар Ош облусунда обсервацияда болчу.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 228 адамга жукту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>