Садык Шер-Нияз Каныбек Исаковко эмне деп көңүл айтты?

Садык Шер-Нияз Каныбек Исаковко эмне деп көңүл айтты?

Жогорку Кеӊеш Билим берүү жана или министри кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш кылынган Каныбек Исаковдун талапкерлигин 107 добуш менен жактырды.

Талапкерди колдоо боюнча токтом добушка койулганга чейин депуттар Исковко ар кандай суроолорду узатышып, билим берүү тармагын өнүктүрүү жаатында бир катар сунуштарды беришти.

Ал эми депутат Садык Шер-Нияз кесиптештеринен айырмаланып, Каныбек Исаковко көңүл айтты.

«Сиз Ош мамлекеттик университетинде жакшы уюштуруучу катары иштедиңиз. Мен тартынбай айтат элем, сиз “Кыргыз Эл Баатыры” деген наамга татыктуусуз. Бирок менин коркконум,  сиз министрликке келгенде ошол атыңызды ылайга оонатышпаса. 

Мансап үчүн, кызмат үчүн өзүңүздүн бийик атыңызды тебелетпеңиз. Атыңызга жана намысыңызга туура келбеген иштерди жасагандан көрө министрлик кызматтан кетип калганыңыз туура!«, — деди Шер-Нияз.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. 50 жаштагы Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келген.

Билим берүү жана илим министрлигин  2016-жылдан бери жетектеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>