9-апрель: Кыргызстанда дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды

9-апрель: Кыргызстанда дагы 10  кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстандын аймагында 9-апрель саат 10:00гө карата дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Жаңы катталган учурлар, Бишкекте шаарында 1 адамдан, Ноокат районунда 1 адамдан, Ош шаарында 3 адамдан, Сузак районунда 4 адамдан, Аксы районунда 1 адамдан табылган.

Жаӊы катталган учурлардын ичинен 2 медкызматкери бар.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 280 адамга жукту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>