Аба ырайы: 18-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Аба ырайы: 18-сентябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 18-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Эртең Бишкекте күн ачык болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>