Аба ырайы: 29-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаайт

Аба ырайы: 29-сентябрда өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаайт

29-сентябрда, күндүз туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +23…+28, Талас +22…+27, Нарын облусунда +23…+28, Ысык-Көлдө +21…+26, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаабайт, күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ошто +30…+32 градус болору болжолдонду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>