Аба ырайы: Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот

Аба ырайы: Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 8-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Толуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10;

8-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү температурасы 0…2°, күндүз 6…8° жылуу болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>