Аба ырайы: Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт

Аба ырайы: Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, Нарын облусунда кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшу мүмкүн. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык- Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: -2….3… күндүз: 3…..8°C;
Талас облусунда түнкүсүн: -2…..3….күндүз: 3……8°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 0……5….күндүз: 6…..11°C
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 4……9°C
Нарын облусунда түнкүсүн: -12….-17…..күндүз: 0..…..-5C
6-декабрда Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде жаан, кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -0……-2°C, күндүзү 6…….8°C.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>