Аба ырайы: Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Аба ырайы: Эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

27-августта Бишкек шаарында жаан жаабайт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 33…35° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>