Аба ырайы: Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт

Аба ырайы: Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлөт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн: -2….-7… күндүз: -2…..3 C;

Талас облусунда түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: -2…..3°C;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

23-ноябрда Бишкекте күндүз ала булут каптап, түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 3…5 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>