Абакта отургандар менен жолугушууга жана тамак-аш киргизүүгө тыюу салынды

Абакта отургандар менен жолугушууга жана тамак-аш киргизүүгө тыюу салынды

Соттолгондорго жана тергөө абагында отургандар менен жолугушууга, тез бузула турган тамак-ашты киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мындай чечим абак жайларына жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынды. Кызматкерлер дезинфекциялоочу каражаттар жана медициналык беткаптар менен камсыздандырылды.

ЖАМКта короновирустун жабык жайларга киришинин алдын алуу жана эскертүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Инфекция аныкталган адамдарды жаткырыш үчүн атайын бөлмөлөр даярдалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>