Абдикаримов: коронавирус жуктуруп алган 12 адамдын жетөө дарыгерлер

Абдикаримов: коронавирус жуктуруп алган 12 адамдын жетөө дарыгерлер

7-апрель күнү коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 12 адамдын жетөө дарыгерлер. Бул тууралу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

«Коронавирус жуктуруп алган жетөөнүн төртөө  Ноокат районундагы обсервацияда жаткандарды тейлеге медицина кызматкерлери болгон. Алардын үчөө медайым, бирөө дарыгер. Андан башка Ош шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасында иштеген бир дарыгер, эки медайым да коронавирус жуктуруп алган», — деди министр.

Буга чейин медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон. Кыргызстанда коронавирус аныкталып дарыланып жаткандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен 4 адам каза болгон. 10 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>