Абылгазиев: ири долбоордун үзгүлтүккө учурашы, мурдагылардын каталарынын кесепети

Абылгазиев: ири долбоордун үзгүлтүккө учурашы, мурдагылардын каталарынын кесепети

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыга курулмакчы болуп токтотулган логистикалык борбор боюнча пикирин билдирди.

Ал бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда, эч кандай кепилдигисиз миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор алыскы районго алгачкы ирет келгенин белгилеп өткөн.

Өкмөт башчы белгилегендей, долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак.

“Өкмөт бардык пайданы жана инвестордун милдеттерин кылдаттык менен аныктап, бул долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылды. Бирок учурда жергиликтүү эл менен мамиленин жасалма түрдө бузулушунан улам компания долбоордон чыгууга аргасыз болуп жатканын билдирди. Биз сырттан таңууланган жана нарындыктардын кызыкчылыктарына каршы келген бул пикир жалган, ушак жана фейк маалыматтарды таратуу аркылуу активдүү жайылтылган деп ишенебиз”, — деген өкмөт башчы.

Ошондой эле ал негизсиз ызы-чууга кабылгандардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзгөнү өтө өкүнүчтүү экенин  жашырган эмес.

“Ал арада дал ушул жаштар аймактарды өнүктүрүү жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн бардык ресурстарды, анын ичинде кайсы өлкөнүн болбосун чет элдик инвесторлордун ресурстарын колдонуу зарылдыгын жакшы түшүнүүгө тийиш. Бул жашоочулары жумуш издеп туулган жеринен кетип жаткандыгы байкалган дотациядагы аймактар үчүн өзгөчө мааниге ээ”, — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы  ири долбоордун үзгүлтүккө учурашын, буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынан улам бийликтин эл ишениминен кеткени менен байланыштырган.

Сөзүнүн аягында Абылгазиев Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта бермекчи жана Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү үчүн шарттарды түзөрүн кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>