Абылгазиев: Кыргыз-кытай чек арасы жабык, альтернативдик рынокторду издөө керек

Абылгазиев: Кыргыз-кытай чек арасы жабык, альтернативдик рынокторду издөө керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде өткөрдү.

Кеңешмеде өкмөт башчы Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүүнү жана өлкөгө ташылып келинген азык-түлүктөрдүн абалын жана баасына көзөмөл жүргүзүнүү тапшырды.

[su_quote]Айрымдар түзүлгөн жагдайды колдонуп, кайсы бир азык-түлүктөрдүн, башка товарлардын баасын негизсиз көтөрүү менен пайда табууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Буга жол бербөө керек. Айыл чарба продукцияларын ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарыл, тигил же бул азыктардын тартыштыгы болбоого тийиш.[/su_quote]

Премьер-министр Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү талдоо иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү сунуш кылды.

Кеңешменин жыйынтыгында өкмөт башчы компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргызстандын аймагына коронавирустун кирүүсүнө жол бербөө тууралуу конкреттүү тапшырмаларды берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>