Абылгазиев: Тез татым жайындагы өрттөн жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүлсүн

Абылгазиев: Тез татым жайындагы өрттөн жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүлсүн

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга тез татым жайындагы өрттүн себептерин тыкыр иликтеп, жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

 Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>