Абылгазиев жемкорлукка каршы митингге чыккандарды колдой турганын айтты — видео

Абылгазиев жемкорлукка каршы митингге чыккандарды колдой турганын айтты — видео

Бүгүн Жогорку Кеңеште өлкөнүн “2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен каралып жатат.

Өкмөт башчы мыйзам долбоору тууралуу сүйлөп жатып, жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыккандарды колдой турганын айтты. Ошондой эле “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган миллиондор боюнча талкуу жүрүп жатканын кошумчалады.

«Учурда коомчулукта 700 млн. доллар боюнча сөз болуп атат. Бул боюнча биз дагы өзүбүздүн оюбузду айтышыбыз керек. Талкуу жүрүп жатат. Жарандарыбыздын  ачыкайкындуулук, экономикадагы көмүскөгө каршы болуп жатканын колдойбуз. Бул боюнча иликтөөчү топ түзүлдү. Ал топко кызыкдар жарандар катышсын деп чакырып кетет элем.  Иликтөодөгү “Азаттык” радиосунун,  журналисттердин берген берген фактылардын баарын изилдеп чыкканга президент болуп чогулуш өтүп, тапшырма бердик. Ачык айкын, эл көрө турган процедураларды ошол жерден кылабыз”, — деди Өкмөт башчы.

 Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундарынын жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгышкан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>