Афтандил Жоробеков деген ким? — туугандары ал тууралуу видео жарыялады

Афтандил Жоробеков деген ким? — туугандары ал тууралуу видео жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан  аймак аралык касташууну козуткан делип кармалган БеспределKG баракчасынын ээси Афтандил Жоробековдун туугандары Афтандил тууралуу видео тасма жарыялады. 

Тасмада Афтандил Жоробековдун мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы чыгып келгени, Кыргызстандагы коррупцияга коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылганы, бир катар эл аралык изилдөлөргө катышкандыгы ж.б. иштери кыскача көрсөтүлөт.

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары «Мен/биз Афтандил Жоробеков»  деген хештег менен ага  колдоо көрсөтүшүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда Жоробеков 24-нобрда кармалып, тергөө абагына киргизилген

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекованын ырсаташынча,  Жоробеков 2020-жылдын 24-январына чейин тергөө абагына камалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>