Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды

Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды

Аида Исмаилова вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Эки саат мурун Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьерликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырышкан.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты болчу.

Буга чейин вице-премьер-министрлик кызматты аркалап келген Алтынай Өмүрбекова 1-апрель күнү кызматтан алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>