Аида Касымалиева: Жаш мугалимдердин муктаждыгын убагында чечүү керек

Аида Касымалиева: Жаш мугалимдердин муктаждыгын убагында чечүү керек

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат. Анда төраганын орун басары Аида Касымалиева мугалимдерге кандай жол менен социалдык үй курууга болот? деген собол салды.

Касымалиева жаш мугалимдердин муктаждыгын убагында чечүү керектигин айтты.

«Быйыл Ош облусуна Орусиядан 17 орус тил мугалими келди. Бир гана Ошко эмес, башка дагы облустарга орус тил мугалимдер келиши керек. Бул пилотту күчөттүү керек. Мындан тышкары бюджеттен мугалимдер үчүн социалдык үй курууну карап берсеңер», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>