Айбек Мусаев КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болду

Айбек Мусаев КТРКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу болду

Айбек Мусаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун радио боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу КТРК жазып чыкты.

Бул кызматты Шайырбек Абдырахман уулу 2018-жылдын июнь айынан тартып аркалап келген. Ал бүгүн, 27-январда өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

Айбек Мусаев болсо буга чейин “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>