Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кыргызстандыктар кармалды

Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кыргызстандыктар кармалды

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Сириянын жараны экенин Sondakika басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, шектүүлөр Сирияга качууга аракет кылган. Учурда алар Түкиянын түштүгүндөгү Адана шаарынан Стамбулга алынып келүүдө.

Кармалган Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер кыргызстандык болгон.  Ал эми Али Исбех  аттуу адам Сирянын жараны.

 Шектүүлөр баштапкы сурак учурунда Сайматини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн, куралды Стамбулдун Пендик шаарчасына жашырганын айтышкан.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманкананын алдынан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

Айеркен Саймати өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Такталбаган маалыматтарга карганда унаа Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык экени айтылууда.

Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>