Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдештен алтын медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдештен алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эл аралык мелдеште дагы бир алтын медаль утту.

Ушул күндөрү Италиянын Рим шаарында өтүп жаткан Matteo Pellicone аталышындагы мелдеште Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта 4 балбан менен күч сынашкан.

Тыныбекова финалдык мелдеште орусиялык Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.

Айсулуу Тыныбекова 10-12-январь күндөрү Стамбул шаарында өткөн мелдеште алтын медаль утуп алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>